“Коопсуз миграция кербени” аталышындагы чет өлкөдөгү бош орундар жарманкеси өтөт

Кыргызстанда «Коопсуз миграция кербени” аталышындагы чет өлкөдөгү бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.Жарманке Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» USAID долбоору менен биргеликте уюштурулууда.«Бош орундар жарманкеси чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:“Урматтуу мекендештер!Бүгүн – элибиздин ондогон кылымдардан бери муундан муунга көчүп, атадан балага айтылып, көкүрөгүндө жат сактап келген улуу “Манас” эпосунун күнү!“Манас” эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү!Кыргыз эли – “Манас” эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу….

Кененирээк

Алай районунда калктын аярлуу катмарына чоң майрам уюштурулду

Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош облусунун Алай районунда майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чара «Примов» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп ага Жогоркү Кеңештин депутаты Улан Примов, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Майрамдык салатанатка Алай районунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала чакырылып, алар үчүн концерттик программа…

Кененирээк

Депутаттар Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку жолунун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти

Ош облусундагы Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку эл аралык жолунун курулушуна респбликалык бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп, 12,2 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Учурда аталган жолдун 8,5 чакырымын асфальтто иштери аяктады. Аталган жолдун абалы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улан Примов, Сүйүн Өмүрзаков, Нуржигит Кадырбеков, Азамат Исраилов, Эмил Токтошевдер таанышышты. Ошондой эле транспорт жана жолдор министринин орун…

Кененирээк

Төрага баштаган депутаттар А.Калматова мектебинин спорт залынын курулушу менен таанышышты

Төрага Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Примов, Өмүрзаков, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы А.Калматова атындагы орто мектебинин аймагына курулуп жаткан спорт залынын курулушу менен таанышышты. Төрага жана депутаттар аталган спорт залынын пайдубалын көрүп, курулуш нормалары сакталбаганын, баарын курулуш нормаларына ылайык куруу зарылдыгын белгилешти. Мам курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басарына тапшырмалар берилди….

Кененирээк

Базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Белгилүү болгондой, буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт»…

Кененирээк

Кара-Кулжа районунда заманбап билим уясы ачылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жаңы Ысак Жорокулов атындагы мектептин ачылышы болду. Билим уясынын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Сүйүн Өмүрзаков, Нуржигит Кадырбеков, Эмил Токтошев, Азамат Исраилов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Буга чейин айыл эли 1975-жылы ашар жолу менен курулган эски…

Кененирээк

Кыргызстан Орусия менен биргеликте 9 мектеп курат

Кыргызстан Орусия менен биргеликте 1224 орунга чейин ылайыкташтырылган 9 мектеп курат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады. Кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмдарын куруу жөнүндө макулдашууга өлкө башчысы С. Жапаров жана Орусиянын Президенти В.В. Путин кол койгон. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында эки өлкөнүн билим берүү…

Кененирээк

Чек ара маселеси боюнча Ташиев менен Ятимов жолугушту

1-декабрда Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине…

Кененирээк

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Бүгүн Ош шаарында 1-декабрь Эл аралык майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, майыптыгы бар адамдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу…

Кененирээк