Кадыр түн качан болору маалым болду

Муфтияттын маалыматына караганда, Кыргызстанда Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот. Адатта Кадыр түн орозо башталгандан кийин жыйырма жетинчи түндө тосулат. Ал эми Орозо айт 10-апрелде белгиленмекчи.

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстандын 10,76 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн. Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым….

Кененирээк

Кыргызстанда 12жылдык окуу системасы качан киргизилет?

Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына качан өтүшү анык эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалым болгондой 12 жылдык билим берүүгө мамлекет башчы макулдугун берген. Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт…

Кененирээк

ЖК депутаттары шайлоочулар менен жолугат

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарга барып, шайлоочулар менен иш алып барат. Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартын кошуп алгандагы мезгил жана 25-мартынан тартып 29-мартын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.

Кененирээк

26 миңден ашуун бала сүйүнчү пул алды

Үстүбүздөгү жылдын эки ай ичинде 26 миңден ашуун ымыркай бир жолку төлөнүүчү сүйүнчүпулун алышты. Ал үчүн мамлекеттик казынадан 105 млн.сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз…

Кененирээк

Окуучу кызды директор урду деген маалымат жалганбы?

Ош шаарындагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы окуяга министрлик үн катты. Билим берүү жана илим министрлиги кечээ 14-март күнү эрте мененки саат 8.15те директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер…

Кененирээк

Өзбекстандык театр кыргызстандыктарга өзгөчө маанай тартуулашты

Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры Кыргызстанда гастролдо. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры шаар тургундарына жана конокторуна гала-концерт тартуулашты. Маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстан…

Кененирээк

Долбоор жазып фитнес зал ачкан айымдар

Жалал-Абад облусуна караштуу алыскы Кашка-Суу айылынын жигердүү айымдары долбоор жазып, машыгуу залын ачкан. Фитнес залдын ишке кирүүсү пенсия курагындагы энелерге чоң пайдасын тийгизүүдө. Анткени аз кыймыл менен үйдө отура бербестен сергек жашоого умтулуулары күчүгөн. Долбоор жазып айыл жергесинин өнүгүүсүнө үлүшүн кошкон айымдар максаттарын ишке ашырууга эмне түрткү болгону тууралуу кеп кылышты. Иштен кечиккенсип шашып барам……

Кененирээк

Мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыю салынабы?

Мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга тыю салуу керек. Бул тууралуу президенттин төрагалыгы алдында өткөн жыйында өлкө башчы Садыр Жапаров айтты. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине мектептерде телефон колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Жыйындын соңунда мамлекет башчы Кыргызстанда мектепке чейинки, мектептердеги жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Кененирээк

Өлкөдө сүт менен жумуртка өндүрүү өстү

Кыргызстанда 2024-жылдын январында мал жана канаттуулар көп багылып, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылат.Январь ичи Кыргызстан 31,6 миң тонна мал менен тоок этин өндүргөн. Сүт 84,3 миң тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5%га көп болгон. Ошондой эле жумуртка өндүрүшүндөгү көрсөткүч дагы өсүп, былтыркыга салыштырмалуу 15,3%га көп болгон….

Кененирээк