Битир садаканын өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2024-жылга карата битир-садаканын жана зекеттин баасын бекитти. Быйыл битир-садака бир киши башына 1,6 кг буудай (50 сом), мейиз (680 сом), ун (75 сом) же 3,2 кг арпа (85 сом), курма (850 сом) туура келет. Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Битир-садака ушул азыктардын биринин баасына барабар…

Кененирээк

“Куршаб” балдар бакчасындагы бөбөктөр майрамдык маанай тартуулашты

Өзгөн районуна караштуу “Куршаб” балдар бакчасында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата иш чара уюштурулду. 2-ортоңку тайпанын бөбөктөрү шаңдуу ыр майрам курушуп, ата-энелерге өзгөчө шаң тартуулашты. Бул тууралуу аталган балдар бакчанын тарбиячысы Тазагүл Якубова билдирди. Бакчада тарбияланып жаткан ар бир бала энелер жана жаз жөнүндө ырларды айтышып, майрамды шаңга бөлөштү. Иш чара, атайын даярдалган сахналык…

Кененирээк

Улуу Британия менен кызматташуу кеңейет

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттык курам Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Тѳрагасы Линдси Харви Хойл менен жолугушту. Анда, Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкуулады. Инвестиция жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да каралды. Гидроэнергетика жана тоо кен иштетүү тармактарында Кыргызстандын потенциялы чоң экенин дагы белгиленди….

Кененирээк

Өлкө башчы электр энергиясындагы соңку абалга түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСиндеги реконструкциялоо үчүн 5-марттан тарта чектөө коюлганын маалымдады. Өлкө башчы Электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азайганын, электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи. Президент Токтотул ГЭСинен “суу сатылат” деген сөздөрдү четке кагып, андай мүмкүн эместигин, ал…

Кененирээк

Кыз-келиндердин спорттук беттеши

Оштогу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканада эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Иш чараны Ош шаарынын мэриясы менен дене тарбия жана спорт комитети 8-март аялдардын эл аралык майрамынна карата уюштурган. Мелдеш 2024-жылдын 5-6-март күндөрү Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт залында жана “Ош шаардык теннис жана стол тенниси» спорт мектебинде болуп өттү.Майрамдык…

Кененирээк

Орусиядан 10 жаран Кыргызстанга кайтарылды

2024-жылдын февраль айында Орусиядан оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 10 жараны мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 43 кыргыз жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 10 жараны мекенге кайтарылды.

Кененирээк

Баланын эрте өнүгүүсүнө шарт түзгөн каражат

Кыргызстанда баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана…

Кененирээк

Директорлор жаңы жобо менен шайланат

Эми мектептерде директорлук кызматка баруучулар эки жылдан кем эмес мөөнөттө директордун орун басары кызматын аркалаш керек. Бул боюнча министрликте атайын жобо иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Үмөталиева билдирди. Маалым болгондой, директорлукка талапкерлер эки баскычтуу сыноодон өткөрүлөт. Алгач тест тапшырышат, андан кийин алты айлык сыноо мөөнөттөн өтүшөт. Андан…

Кененирээк

КР парламенттик делегация Улуу британияга барды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго…

Кененирээк

Бишкекте дагы бир жылуулук борбору курулат

Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу былтыр эле башталган, азыркы учурда долбоорго кол коюу алдында турат. Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган «Айыл чарба машина куруу заводу» деген котельныйдын ордуна курулат. Ал болжол…

Кененирээк