«Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аттуу креативдүү фестиваль өттү

Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында «Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аталышындагы креативдүү фестиваль өткөрүлдү.Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара мэриянын колдоосу менен уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаар тургундары катышты.Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, келгендерге сүрөтчүлөр тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдүБелгилей кетсек, фестиваль үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн биргелешкен активдүү эс алуусун уюштуруу жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Кененирээк

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан 4 спортчу барат

Тизме Париж шаарында өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, оюндар 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Парадзюдо боюнча өлкө атынан Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта катышат.Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева барат.Паратриатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы катышса, пара жеңил атлетика боюнча…

Кененирээк

Адам өмүрүнө кол салган жаран кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда пикир келишпестиктен улам, мылтык менен бир жаранды аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн 16-августта Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди. Маалымдагандай К.П. жана К.К. аттуу Кемин тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Андан сон, К.К. калибр үлгүсүндөгү мылтык менен К. Пны атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция жаракат алган жаран учурда ооруканада…

Кененирээк

Кыргызстандык 25 өспүрүм күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барат

Спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Маалыматка ылайык, чемпионат Амман шаарында (Иордания) 19-августтан 25-августка чейин болот. Ага Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү барат.

Кененирээк

Сузакта кармалган «инкарчылар» балдарын мектепке берүүгө ынанышты

Балдарын мектепке бербей, бейтапканага каттатпай койгон «Йакын-Инкар» уюмунун төрт мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Сузакта экстремисттик идеологияны активдүү жайылткан 44, 52, 54, 58 жаштагы жарандар 29-июнда кармалган. «Алар ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес. Жаза аткаруу кызматынын…

Кененирээк

Быйыл мектеп окуучуларынын формасы өзгөрөбү? 

Мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.Ал бардык билим берүү мекемелерине ак көйнөк, кара шым менен юбка кийүү сунушталганын белгиледи. «Форма мектептин уставына жараша, жалпы ата-энелердин жыйынында чечилет. Бирдиктүү форма балдардын өздөрү үчүн дагы жакшы», — деди ал.

Кененирээк

Туркиянын 3 шаарында өрт чыкты

Туркиянын Чанаккале, Болу жана Маниса шаарларында 15 август туркиянын сааты боюнча 9:51 чамасында токойдон өрт чыккан. Чанаккале шаарындагы Эжеабад токоюнда өрт чыгып шамалдын натыйжасында күчөгөн. Токойго жакын жайгашкан “Анзак” көрүстөнү толугу менене күйүп кеткен. Аймакка жөнөтүлгөн куткаруучулардын 2 кызматкери жарат алып айрым кызматкерлер түтүнгө ууланган. Ошондой эле Туркиянын Болунун Гөйнүк районунда өрт чыккан.Өрттөн улам үч…

Кененирээк

Кыргызстандын аймагында жер силкинүү катталды

Бүгүн , 16-августка караган түнү Кыргыз-Кытай чек арасына жакын аймактарда жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык түнкү саат 3:23 тө жер силкинип, анын күчү үч баллга жеткен.Жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркасында, Бедел айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 133 чакырым түштүктө жайгашкан.Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок .

Кененирээк

Мунарбек Сейитбек уулу жана анын агайына Оштон батир берилди

Олимпиада оюндарынан келген спортчуларды тосуп алуу аземи болду. Спортчуларды 15-августта чоң салтанат менен тосуп алышты. Ош мэриясы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир жана 1 миллион сом, Парижге бара албай калган жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом ыйгарды.

Кененирээк

Ошко келген спортчулар кандай белектерди алышты?

Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Мунарбек Сейитбек уулу, Акжол Махмудов, Кубанычбек Айбек уулу  15-август куну Ош шаарына келишти.Спортчуларды  «Алымбек-Датка» этно борборунда Ош шаарынын  тургундары жана бийлик өкүлдөрү салтанаттуу турдө тосуп алышты.Алгач Ош шаарынын мэри  Бакытбек Жетигенов Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын жана 1 млн сом, ал эми …

Кененирээк