Койдун эти Иранга экспорттоло баштады
Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-майда 10 тоннага чукул тоңдурулган койдун этинин биринчи партиясы Иранга жөнөтүлгөн. «Бардык продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү», — деп жазылган маалыматта. Аптасына 12 тоннадан 24…

