Бишкектин жана ага жакын райондордун тургундары жылытуу системасы үчүн жеңилдетилген кредит алышат

Бишкек шаарынын жакынкы райондордун тургундары үчүн экологиялык таза жылытуу системаларына мамлекеттик жеңилдетилген насыялар жеткиликтүү. Бишкек шаарынын ошондой эле, жакынкы райондорунун тургундары 1 миллион сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген кредит алып, үйлөрүнө заманбап экологиялык таза жылытуу системаларын орното алышат. Бул кредиттик линия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Насыялар…

Кененирээк

Кыргызстанга январь айында 220,3 миң доллар которулган

2026-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 220,3 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Акчанын негизги агымы КМШ өлкөлөрүнөн келген, анын көлөмү 205,7 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 14,6 млн доллар болгон. Ошол эле учурда 2026-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 17,7…

Кененирээк

«Дордой» базарындагы унаа токтотуучу жайлар мэрияга өтөт

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев базардын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков менен жолугуп, инфратүзүмдү жакшыртуу маселесин талкуулады. Мэр өнүгүү иреттүү болуп, соодагерлерге да, шаар тургундарына да ыңгайлуу шарт түзүлүшү керектигин белгиледи. Планга ылайык, базарда көп кабаттуу парковкалар курулуп, аймак көрктөндүрүлөт. Көлмө айланасында жөө жүрүүчү эс алуу зонасы да пайда болот. Ошондой эле бардык парковкалар муниципалитетке өткөрүлүп, төлөм QR-код…

Кененирээк

Өзбекстандан келген 82830 даана көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстан Республикасынан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөр фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер…

Кененирээк

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт

Шаардын борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралар саат 11:00дө башталат. Салт боюнча сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү өтөт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик күндүз жана кечинде эстрада жылдыздары катышкан концерттерди өткөрүүнү пландап жатат. Мындан тышкары спорттук мелдештер да болот. Шаардын башкы аянтына боз үйлөр тигилип, «Нарында жасалган» бренди менен чыгарылган продукциялардын жарманкеси уюштурулат.

Кененирээк

Салык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскертти

Салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салык квартал сайын тең үлүштөр менен төлөнөрүн эскертти. Төлөө мөөнөттөрү 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейин белгиленген. Эсептелген суммалар тууралуу маалыматты сайтындагы жеке кабинеттен көрүүгө болот. Мындан тышкары, эсептөөлөр туура болушу үчүн мүлк документтерин «Кадастр» мекемесиндеги маалыматтар менен салыштырып чыгуу сунушталат.

Кененирээк

Пакистан Кабулга ракеталык сокку урду

Забиулла Моджахеддин айтымында, сокку борбор калаадагы баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоо борборуна тийген. Алдын ала маалымат боюнча 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашуун адам жаракат алды. Афган бийлиги бул окуя жоопсуз калбай турганын билдирди. Ал эми Пакистан бийлиги жарандык объектке сокку урганын четке кагып, операциялар аскердик буталарга гана багытталганын айтты. Эске салсак, эки өлкөнүн…

Кененирээк

Июлдан тарта Бишкектен Бээжинге дагы бир аба каттам ачылат

Кытайлык Air China авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу аткарып турат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдирди. Жаңы маршрут эки өлкө ортосунда саякаттоо, бизнес жүргүзүү жана маданият алмашуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ача турганы кабарланды. Алгач ирет Бээжин-Бишкек-Бээжин аба каттамы 2024-жылы ачылган. Учурда бул каттам аркылуу China Southern авиакомпаниясы жумасына алты күн каттамдарды аткарып…

Кененирээк

Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай Жана Чоң-Алай райондоруна каттагандар үчүн жаңы бекет ишке кирет

Шаар башчысы жол кыймылын тартипке келтирүү жана аймактар аралык каттамдагы такси кызматын аркалагандардын ишин жөнгө салуу максатында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жанында жаңыдан уюштурулган унаа токтоочу жайды Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттагандар үчүн пайдаланууга берүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле мэр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы унаа токтоочу жайга…

Кененирээк

Садыр Жапаров Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тараптардын аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Садыр Жапаров Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу, өткөн жылы Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги ачылганын, жакынкы аралыкта Египетте да элчилик ачуу пландаштырылып жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын…

Кененирээк