Бишкекте маданий-руханий жаңыланууга багытталган улуттук форум өтөт

Бишкек шаарында 2-апрель “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.К. Койчиевдин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл союздардын, илимий коомчулуктун, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. Форумга өлкөнүн…

Кененирээк

ЕБдин өкүлү менен Кыргызстандын авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруу маселеси талкууланды

25-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси болду. Өкмөттүн маалыматына ылайык, акыркы жылдары өлкөдө жүргүнчүлөрдүн агымы өстү, каттамдардын саны көбөйдү, бардык 11 аэропорт модернизацияланып, авиапарк жаңыланып жатат. Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБдин тизмесинен чыгаруу боюнча акыркы…

Кененирээк

Министрлик: «Эттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат»

Кыргызстанда тирүү малдын баасы туруктуу болгонуна карабай эт кымбаттап жатат, бирок негизги пайданы өндүрүүчүлөр эмес, ортомчулар көрүүдө. Министр Эрлист Акунбеков акыркы үч айда чет өлкөгө 53 миң баш мал чыгарылганын, бирок малчылар иш жүзүндө андан пайда таппаганын билдирди. Министрлик бул маселени чечүү үчүн 1,5 миллиард сомго 10 адистештирилген кластер түзүүнү пландап жатат. Натыйжада фермерлер рынокко…

Кененирээк

Иран АКШнын согушту бүтүрүү боюнча сунушун четке кагып, өзүнүн шарттарын айтты

Бул тууралуу Иран телеберүүсү маалымдаган. Буга чейин New York Times гезити Тегеранга согушту соңуна чыгаруунун 15 пунктудан турган планын бергенин жазган. Басылманын маалыматы боюнча, бул иште Пакистан ортомчулук кылган. Планда өзөктүк программа жана деңиз жолдорунун коопсуздугун калыбына келтирүүдөн тарта негизги делген бир топ маселелер камтылган. Axios басылмасы Ирандын расмий өкүлдөрү ортомчуга буга чейинки алакалардагы тажрыйбаларынан…

Кененирээк

Өлкө башчы ЕККУнун башкы катчысы менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады

Садыр Жапаров боордош өлкөлөрдө миңдеген жай тургундар жабыркап, маанилүү инфраструктура талкаланып жаткан жаңжалга тынчсыздануусун билдирди. Жапаров менен Феридун Синирлиоглу бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кененирээк

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россияга расмий сапар менен барды

Делегацияны аэропорттон Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова тосуп алды. Маматалиев алгач эле Москвадагы «Марьина Роща» мектебинде кыргызстандык мигранттардын балдары үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби менен таанышышты. Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгын белгилеп, аны жөнөкөйлөтүүнү сунушташты. Андан соң делегация ВДНХда кыргыз диаспорасы жана эмгек мигранттары менен жолугуп, актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жакынкы күндөрү Марлен Маматалиев Россиянын Мамдумасынын…

Кененирээк

Бишкекте Россия-кыргыз мектебинин курулушунун жаңы этабы башталды

Иш-чарага минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын элчиси Сергей Вакунов катышты. Вакунов Кыргызстанда тогуз орус тилдүү мектеп куруу долбоору кийинки баскычка өткөнүн эске салып, алгачкы объектилер, анын ичинде Бишкектеги бул билим жайы 2027-жылы пайдаланууга берилерин айтты. “Мектептер заманбап билим берүү мекемелери болуп, сапаттуу окутуу жана тарбия берүү үчүн бардык шарттар менен камсыздалат”, — деди…

Кененирээк

Айыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Эмгекчил айылына жумушчу сапары менен барып, мал чарба ишканаларынын ишин текшерип, аймактагы эпизоотиялык абалга баа берди. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда ал оорулуу малды сөзсүз бөлүп кармоо керектигин айтып, бул инфекциянын жайылышын алдын алуунун негизги чарасы экенин белгиледи. Жыйынтыгында жергиликтүү ветеринардык кызматтарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү, маселелерди жеринде ыкчам чечүү…

Кененирээк

Кыргызстанда суунун тартыштыгы байкалууда: сугатка көзөмөл күчөтүлөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Министрликтин өкүлү Туратбек Идрисов белгилегендей, суунун азайышы — дүйнөлүк тенденция. Маалыматка ылайык, 2025-жылы — 5,767 млрд кубометр суу пайдаланылган, ал эми 2026-жылы — 6,303 млрд кубометр суу бөлүштүрүү пландалууда. Облустарда жана райондордо атайын штабдар түзүлүп, сугат суусунун адилеттүү жана рационалдуу бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт….

Кененирээк

Кыргыз эл артисти Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынан билдиришти. Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келе жаткан актер Абдыкалык Акматов көптөн бери оор илдет менен алышып келген. Өткөн аптада Садыр Жапаров маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамын ыйгарган. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу…

Кененирээк