Украина президенти Владимир Зеленский Донбастын келечеги боюнча чечимди эл кабыл алышы керектигин айтты. Анын айтуусунда, бул маселе шайлоо же референдум форматында добуш берүүгө чыгарылат.
Кремль, АКШнын кысымы менен, Донбассты Россияга өткөрүү шартын коюп жатканын Зеленский белгиледи. Бирок Киев мындай чечимди коомдун эркинен башка кабыл албайт.
Зеленскийдин айтымында, АКШ Донбасста орус аскерлерсиз «өзгөчө экономикалык аймак» түзүүнү сунуштап жатат. Украина аскерлери чыгып, Россия аскер кирбеген аймак катары каралууда.
Бирок бул «демилитаризацияланган» же «эркин экономикалык аймак» ким тарабынан башкарылары америкалык тарапта да так айтыла электигин Зеленский баса белгиледи.

