Кыргызстан 2026-жылы 15 миң электромобилди бажы төлөмдөрүнөн бошотуу укугун алды

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Кыргызстанга 2026-жылы электромобилдерди импорттоодо бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу льготасын берүүнү колдоду. Тийиштүү чечим Москвадагы жыйында кабыл алынганын КабМин билдирди.

Кыргызстан мурдагы квотаны толук колдонуп, электр кыймылдаткычы бар автоунааларга (гибрид жана электромобилдер) болгон жеңилдиктерди кеңейтүүнү сунуштаган. ЕАЭБ сунушту колдоп, льготанын көлөмүн 15 миң унаага чейин көбөйттү.

Буга чейин Кыргызстан 2026-жылы электромобилдерди бажы төлөмдөрүнөн бошотуу демилгесин ЕЭКке жөнөткөнү айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *