Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомду кабыл алып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттады.

12-декабрда Боршайкомдун отурумунда БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшыруу боюнча расмий иш-чара 17-декабрда өтөрүн айтты.

Бул күнү Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны болот.Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *