Бүгүн Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы чоң жарманке өттү. Ага министр Бакыт Төрөбаев катышты.

Аймактагы дыйкандар, фермерлер жана мал багуучулар өздөрүнүн өндүрүгөн продукцияларын алып чыгып, элге сунушташты.

Иш-чарага мал чарбачылыгы боюнча атайын ветеринардык дарыгерлер да катышып, алар фермерлерге кеңеш берип, малдын ден соолугун сактоо, туура багуу жана алдын алуу чаралары боюнча маалыматтарды бөлүшүүдө. Жарманкенин эң кызыктуу бөлүгү — асыл тукум малдардын көргөзмөсү болуп, жергиликтүү чарбалардын мыкты уйлары, койлору жана жылкылары элге көрсөтүлүп, алардын сапаты жана багуу ыкмалары тууралуу маалымат берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *