Бишкекте Жаңы жыл майрамына карата жарманке өтөт

26-декабрдан баштап Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Жаңы жыл майрамына карата күн сайын азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Анда эт 600 сомдон, башка товарлар да өндүрүлгөн баасында сатылат.

Максаты — баалардын өсүү темпин басаңдатуу, элди жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоо, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу экенин министрликтен кошумчалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *