Казакстан артиллериялык снаряддар менен миналарды чыгарган өз өндүрүшүн ишке киргизүүдө. Өлкө аймагында төрт завод курулуп, анын ичинде НАТО стандартына туура келген 155 мм снаряддар да өндүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Фергана» басылмасы жазды.
Долбоордун жалпы баасы дээрлик 1 млрд долларга бааланууда. Ал ASPAN программасынын алкагында Great Sky компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Алгачкы завод 2027-жылы ишке кирип, снаряддардын сыртын чыгармакчы.
Казакстан бийлиги бул кадамды курал-жарак боюнча тышкы көз карандысыздыкты азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Азыр республика негизинен Орусиядан келген ок-дарыларга көз каранды.
Бирок, бул жаңылык Орусиянын медиасында катуу сынга алынып, Казакстан «НАТОго ыктап жатат» деген айыптоолор айтылды. Айрым орусиялык саясатчылар муну «достукка каршы кадам» деп аташты.
Казакстандын Коргоо министрлиги бул дооматтарды четке кагып, өндүрүш армиянын ички муктаждыгы үчүн гана экенин билдирди.
