Жалпы 16 адам мал-жандыгы менен Толук айылына алып келинди. Бүгүн дагы 4 киши малын айдап жакага түшөт. Ал эми калган 6 малчынын тамак-ашы жана тоюту жетиштүү болгондуктан көчүүдөн баш тарткан.
Кечээ Толук айылынын тургундарынын ӨКМ менен бийликтен жардам сураган видеосу тараган. Алар 19-декабрдан бери жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, кыштоого жете албай жатканын билдиришкен.
