Россия Индиядан миңдеген мигранттарды алып келүүгө даярданууда

2026-жылы Россияга кеминде 40 миң эмгек мигранты Индиядан келери күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ президентинин атайын өкүлү Борис Титов РИА Новостиге билдирди.

Орусия бийлигинин айтымында, индиялык жумушчу күчү өлкөдөгү курч кадр тартыштыгын жоюунун негизги жолдорунун бири катары каралууда. Россияда жумушчу күч жетишпей, экономика мигранттарга барган сайын көз каранды болуп баратат.

Статистика бул тенденцияны ачык көрсөтөт:
2022-жылы индиялыктарга 8 миңдей мигрантка иштөөгө уруксат берилсе,
2023-жылы — 14 миңден ашкан,
2024-жылы — 36 миңге жеткен.

2025-жылга Россия визалык өлкөлөр үчүн 235 миң жумуш орунун квота кылып бекиткен. Анын 30%ы — 71,8 миң орун — Индия жарандарына бөлүнгөн.

Эксперттер муну Россиянын эмгек базарындагы системалуу каатчылыктын белгиси катары баалашууда: жергиликтүү кадр жетишпей, бийлик сырттан жумушчу тартууга аргасыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *