Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдырууда №8 Горький мектебинин абалы менен жеринде таанышты. Билим уясында окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.
Ошондой эле мэр мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды кыдырды. Билим берүү мекемесинин аймагына 5 турак-жай жана 3 коммерциялык обьект курулуп калган. Алар “Реми” рестораны, “Айгат” кафеси жана “Салам” мейманканасы.

Шаар башчысы жеке менчикке өтүп кеткен социалдык обьектилердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аны менен катар мектептеги парта, отургучтарды алмаштырууну жана башка кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

