Кремль АКШ сунуштаган Украина боюнча тынчтык долбоорун «көп жагынан кабыл алгыдай» деп атады. Президент Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, документтеги бир топ пункттар Россиянын Аляскадагы сүйлөшүүлөрдө айткан позициясына шайкеш келет.
Бирок Ушаков долбоордогу башка бөлүктөр дагы терең талкууну талап кыларын кошумчалады. «Баары эле кабыл алына тургандай эмес, бирок көпчүлүк бөлүктөр бизге ылайыктуу», — деп белгиледи ал. Ошол эле учурда Москва менен бул маселе азырынча түз сүйлөшүлө электигин айтты.
Европа биримдигинин альтернативдүү тынчтык долбооруна Кремл таптакыр каршы чыкты. Ушаков Reutersке билдиргендей, Европа сунуштаган документ «конструктивдүү эмес» жана Россияга «такыр туура келбейт».

