УКМК жер кыртышын талкалаган деп Кеминдеги “Долпран” алтын кенинин башкы директорун кармады.
Кен чыккан аймакты текшерүүдө экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган.
“Техникалык долбоор жана лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес. Жер кыртышы бузулуп, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилген. Өнөр жай коопсуздугу боюнча мыйзам жана өндүрүш коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Камчыбек Ташиев Кеминге барганда жергиликтүү эл алтын казган ишкананын ишин токтотуп берүүнү суранышкан. Алар аймак сейсмикалык жактан активдүү экенин, фабрика, калдык сактоочу жай куруу кооптуулук жаратарын айтып даттанышкан.

