Садыр Жапаров Ак-Суу районунун Кыдыр аке айылында МТС (Машина-трактордук станция) түзүүнү тапшырып, фондунан 108 млн сом бөлгөн. Натыйжада станцияга 32 техника алып келинди. Жалпысынан бул жерде 60тан ашык техника болот.
Бул техникалар картошка отургузуу, дарылоо, түптөө жана түшүм жыйноону толук механизациялап, кол күчүнө болгон муктаждыкты жоёт.
Машина-трактордук станцияны ачуу демилгеси — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда картошка өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу жана анын өздүк наркын төмөндөтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында ишке ашырылган.
МТС кызматтарынын тарифи базардыкынан төмөн болуп, дыйкандардын чыгымын азайтат. Станция өзүн-өзү каржылаган чарба катары иштеп, тапкан каражатына кайра техника сатып алат.
Мындан тышкары дан эгиндерин жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жердин ташын терүү, лазердик жер түздөө жана терең айдоо (щелерез) кызматтарын көрсөтөт. Өзгөчө белгилеп кетүүчү маселе МТСке 10 даана картошка казуучу комбайн сатылып алынды.
Бул комбайндар картошканы жыйып алууну толук механизациялаштырып, кол күчү пайдаланылбайт жана дыйкандарыбыздын өндүргөн картошкасынын
чыгымдарын азайтып өздүк наркын арзандатат. Агротехникалык механизяциялаштырылган сервистик кызматтардын баасы базар бааларынан төмөн болуу менен калкыбыздын социалдык экономикалык шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.



