Грек-рим күрөшүнүн жаңы машыктыруучу курамы белгилүү болду
Кыргызстандын Күрөш федерациясы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы машыктыруучуларын бекитти.
Башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу Арсен Эралиев, ал эми U-23 командасынын машыктыруучусу болуп Руслан Царев дайындалды.
Карачолоков буга чейин Азат Эркимбаев менен бирге улуттук командада иштеген.
Ал эми Эркимбаев Париж Олимпиадасынан кийин келишими узартылбай, 2025-жылы Египеттин курама командасын машыктырууга өткөн.

