Бишкекте эртең жана бүрсүгүнү ЖККУнун саммити өтүп, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын президенттеринин келиши күтүлүүдө. Бул туурасында мамлекет башчынын администрациясынан билдиришти.

Аталган уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары президент Садыр Жапаров кезектеги жыйынды өткөрөт.

Жыйында Владимир Путин, Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоодон тарта бир топ маселени талкуулашат.

Айтмакчы, 26-27-ноябрдагы бул иш-чара ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болмокчу.

Анда мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара кызматташууларын өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү алаканы кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюлмакчы.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *