Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип, казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн башына Абай Кунанбевдин эстелиги жана музейи курулуп, бүгүн ачылышы өттү.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев , шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай жана шаар тургундары катышты.
2858 м2 аянтты ээлеген скверде музей, эстелик орнотулган. Аны менен катар отургучтар коюлуп, брусчатка басылып, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
«Көчөнүн башталышына орнотулган Абайдын бюсту жана жаңыдан курулган сейил бак – бул жөн гана архитектуралык объект эмес. Бул – боордоштуктун эстелиги, көркөм баалуулуктун символу, жаш муун үчүн тарбия аянты»,-деп билдиришти шаардык мэриядан.


