Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кыргыз Республикасына келди.Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырышты.Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды.Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери 26-ноябрда, эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *