Онкологиялык оорусу барлар бир жыл ичинде кайрадан операция жасатса, ооруканага акысыз жаткырылат

ММКФ эскертти: онкологиялык оорусу бар бейтап биринчи операциядан кийин 12 ай ичинде кайра пландуу операцияга муктаж болсо, ооруканага акысыз жаткырылат.

Жеңилдик Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган.Дарылануу маалында төмөнкү кызматтар үчүн акча талап кылууга болбойт:

-адистердин консультациясы;

-операция жана анестезия;

-операциядан кийинки жараатты иштеп чыгуу;

-ошол ооруканада жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр.

Мындан тышкары медуюм бейтапты жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесине ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

Эгер керектүү дары жок болсо, бул маалымат бөлүмдөгү күнүмдүк тизмеде көрсөтүлүшү керек — ошондо гана бейтап өз алдынча сатып алууга укуктуу. Суроолор же укук бузуу болсо, 113 номерине чалса болот (күндүз-түнү, акысыз).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *