Нобелдин 2025-жылдагы тынчтык сыйлыгын алган Мария Мачадонун өзүнө ыйгарылган медалды Трампка тапшырганы талкууга түштү.
Айрым эксперттер бул кадамды Венесуэланын саясий келечегине байланыштуу Трамптын позициясына таасир этүү аракети катары баалашууда.
Ак үйдө түшкү тамак учурунда өткөн жолугушуу эки саатка созулган. Трамп белек үчүн Мачадого ыраазычылык билдирген.Бул кадам Трамп Мачадону Венесуэланын лидери катары колдоо идеясын четке каккандан кийин жасалганы белгиленүүдө.
Ошол эле учурда Норвегиянын Нобель комитети сыйлыктын расмий ээси медалды башка адамга өткөрүп берүүгө укугу жок экенин, медалдын ээси алмашканы менен «Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты» деген макам өзгөрбөй турганын эскертти.
