Ошто дарыгерлер 17 магнит жутуп алган 2 жашар бөбөктү операция менен куткарышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан маалымдашты.
Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.

“Магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда ичеги-карындар бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операцияга чейин алып келиши мүмкүн. Майда бөлүктөрдөн турган, магнити бар оюнчуктарды балдардын колуна бербей, аларды оюн учурунда көзөмөлсүз калтырбаңыздар”, — деп жазылган маалыматта.

