Эң көбү Жалал-Абад облусунда. 3 жылдын ичинде 189 мектеп курулду
Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржыланган. Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга…

