Турак-жай кооперативдери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Маалыматка ылайык, турак жай кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти гана жүзөгө ашырат,башка түрлɵрү каралбайт. Кооперативдердин ишин, анын ыйгарым укуктары Министрлер кабинети…
