ИИМ жаңы жыл тынч өткөнүн билдирди
Өлкө аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталбаганын министрликтен билдиришти. Жаңы жыл түнү коомдук тартипти көзөмөлдөөгө республика боюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылды.
Өлкө аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталбаганын министрликтен билдиришти. Жаңы жыл түнү коомдук тартипти көзөмөлдөөгө республика боюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылды.
Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага миңдеген шаардыктар жана коноктор чогулду. Майрамдык кечеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, элди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. Жеңишбек Токторбаев 2025-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2026-жылга да көптөгөн ири долбоорлор пландалып жатканын кошумчалады.Майрам концерттик…
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап, өтүп бараткан жылдагы ийгиликтерди белгиледи. Ал узап бараткан жыл эгемен чек аралардын толук такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калганын айтты. Мындан тышкары, Кыргызстанга ири инвесторлор келип жатканын белгиледи. «Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин…
Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат. Бул тууралуу облус жетекчилигинин заводдун кызматкерлери менен жолугушуусунда белгилүү болду. Учурда завод кызматкерлерине берилбей калган үч айлык эмгек акыны төлөө боюнча минкабдын тескемесинин долбоору даярдалып жатат. Ошондой эле заводго инвестор тартуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Инвестор табылып, өндүрүш иши толук жанданганга чейин заводдун 550 кызматкери эмгек…
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Тазалык” ишканасынын 30-декабрда жылуулук борбордун техникалык каналына агып кеткен дагы бир кызматкеринин сөөгү табылганын билдирди. 31-декабрда издөө иштери уланып, ага 150 киши тартылган. Алардын 90у куткаруучу, 30у милиция кызматкери жана Бишкек шаардык мэриясынын 30 кызматкери. Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп…
Жаңы жыл — дүйнө жүзүндөгү эң кеңири белгиленген майрамдардын бири. Ал жаңы үмүттү, жаңы башталышты, жыл жыйынтыгын чыгарып, келечекке үмүт менен караганды билдирет. Бирок бул майрамдын тарыхы бир топ терең жана ар кыл маданияттардын таасири менен калыптанган. Жаңы жылдын эволюциясы адамзаттын дүйнө таанымына, календардык эсептөөлөрүнө жана диний-саясий өзгөрүүлөргө тыгыз байланыштуу. Байыркы цивилизациялар жана Жаңы жылдын…
Ички иштер министрлиги комплекстүү жана ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 2025-жылдын ноябрынан декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан республиканын аймагында миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында «Чет элдик жаран» аталышындагы атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар…
Министрлер Кабинети 2030-жылга карата иш планын бекитти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Анда негизги максаттарга экономиканын жыл сайын 8%га өсүшү, ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү жана башкалар кирет. Жалпысынан төмөнкүдөй иштер күтүлөт: Индустриализация — технологиялык хабдарды түзүү, өндүрүштө пилоттук кластерлерди ишке берүү. Логистика — жаңы жолдорду салуу жана кеңейтүү, өткөрүү бекеттерин модернизациялоо, Кытай…
Гүлчө шаарында жыл жыйынтыгын чыгарган иш чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024- жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу жөнүндөгү» № 369 Жарлыгынын алкагында Гүлчө мэриясынын жыл жыйынтыгы чыгарылды. Уңгу жол ар бир жарандын жүрүм-туруму жана ой жүгүртүүсүн аныктоочу ынанымдардын, адеп-ахлактык баалуулуктардын жана таянымдардын тутумун калыптандыруучу идеологиялык негиз катары…
Бүгүн, 30-декабрда республика боюнча райондук суу чарба башкармалыктарына кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти. Иш-чаранын алкагында мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынган JAC T-8 үлгүсүндөгү 44 кызматтык автоунаа пайдаланууга берилди. Анын ичинен 42 автоунаа Суу ресурстары кызматына, ал эми 2 автоунаа Балык чарба департаментине бөлүндү….