Бишкек мэриясына 100дөн ашык жаңы автобустар жана атайын техникалар тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты. Иш-чара №1 кампанын аймагында өттү.  «Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам….

Кененирээк

Кыргызстанда жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө товар ташууларды навигациялык пломбалар аркылуу көзөмөлдөө башталды

Бажы кызматынын билдиришинче, 11-февральдан тартып Кыргызстанда навигациялык пломбалар аркылуу жүктөрдү көзөмөлдөө механизми иштей баштады. Жаңы талаптар эки же андан көп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу өткөн ташууларга тиешелүү. Пломбалар транзит жана экспорт режиминде ташылган айрым акциздик товарларга (алкоголь, тамеки), ошондой эле кийим-кече, бут кийим, техника жана никотин камтылган продукцияларга колдонулат. Ташууларды көзөмөлдөөнү ар бир өлкөнүн улуттук…

Кененирээк

Кыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырды

11-февралда Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык күн тартиби боюнча сүйлөшүп, гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика жана туристтик инфраструктура тармактарында немис компанияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда Европанын санкциялык саясаты да өзүнчө тема болду. Кулубаев европалык өнөктөштөрдү бул маселеде конструктивдүү жана тең…

Кененирээк

Түштүктө «Маркай» тилкесиндеги мыйзамсыз иштетилип жаткан 8 шахта жабылды

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштеп жаткан 8 шахта жабылды. Алардын тереңдиги 80–120 метрге чейин жетип, коопсуздук талаптары сакталган эмес. Мыйзамсыз тартылган электр чубалгылары да энергетиктер тарабынан үзүлдү. Адистер мыйзамсыз жана эски ыкма менен кен казуу адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратарын белгилешти. Мындай шахталарда коопсуздук шарттары камсыздалбагандыктан, буга чейин адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган. Ошондой эле…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди кадрдык алмашууларга байланыштуу кабыл алганын айтты. Бул жеке чечими экенин, эч ким кысым кылбаганын кошумчалады. Нурланбек Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.

Кененирээк

Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды киргизген дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, жылдык 2 пайыз менен насыя берүүгө мамлекет тарабынан 1 миллиард сом каралды. Тамчылатып сугаруу системасы 20 миң гектардан ашкан жерге орнотулат деп пландалууда.

Кененирээк

Кыргызстандын сегиз ишканасы Кытайга продукция экспорттойт

2026-жылдын 12-февралынан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын сегиз ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызмат тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгында кабыл алынды. Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат…

Кененирээк

Министр Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты

11-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты. Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда «Борбордук Азия – Германия» форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө…

Кененирээк

Ошто Монуев көчөсүн бойлото Кыр-Арык каналынын эки тарабында сквер ачылды

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, буга чейин бул жерде соода түйүндөрү жана мыйзамсыз курулуштар демонтаждалып, жээк толугу менен бошотулган. Мэрдин тапшырмасы менен бошотулган аймак көрктөндүрүлүп, шаар тургундары үчүн сейилдөө жайы түзүлдү.

Кененирээк

Массалык башаламандыктарды уюштурууга катышы бар деген шек менен дагы эки киши кармалды

ИИМден алар 60 жаштагы А.К жана 58 жаштагы К.А. деп билдиришти. Сүрөт менен инициалдарынан алардын ИИМдин мурдагы орун басар министри Курсан Асанов жана мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев экендигин таанууга болот. Кармалгандардын жашаган жерлери тинтүүгө алынган. Эске салсак, буга чейин кайрылуу жасаган 75 кишинин ичинен үчөөнө массалык башаламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, шектүүлөр камакка алынган. Милиция…

Кененирээк