Президент Садыр Жапаров Токиодогу “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышууда. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.
