№13 округ боюнча кайра шайлоодо үгүт иштери башталды

Бүгүн, 9-февралда, №13 округдан Жогорку Кеңешке кайра шайлоого байланыштуу үгүт иштери башталды. Үгүт 28-февралга чейин уланат, ал эми шайлоо 1-мартта өтөт. БШКнын маалыматы боюнча 25 талапкер катталган (15 эркек, 10 аял). Округда 94 шайлоо участогу ачылып, контролдук тизмеде 161 344 шайлоочу бар; кайра шайлоо 2025-жылдын 3-декабрында №13 округ боюнча жыйынтык 35 участктагы мыйзам бузуу себептүү…

Кененирээк

Садыр Жапаров жана Binance эл аралык криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Жыргалаңга барышты

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды. Алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышты. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты. Президенттин Администрациясынын…

Кененирээк

Ок атуу боюнча Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары коло медаль алды

Мелдештин командалык түрү боюнча кыргызстандык ок атуучулар үчүнчү орунду алды. Кыргыз курамасында Альбина Түлөбердиева, Жибек Бекташова жана Даткайым Садыкова чеберчилигин көрсөттү. Ошондой эле дагы бир командалык күч сынашууда, Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева да үчүнчү орунду камсыз кылды. Чемпионат Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Ага 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда.

Кененирээк

Кытайлык компания Кыргызстанга тиричилик техникаларын чыгаруучу завод курат

Кытайлык компания Кыргызстанда тиричилик техникаларын, электр шаймандарын өндүрүүчү өнөр жай курууну пландоодо. “Миньшан”компаниясынын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин башчысы менен болгон жолугушууда ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбалары бар экенин айтып, алар жогорку технологиялуу парктын долбоорун сунушташкан.Кыргыз тарап инвесторлорго жардам берүүгө убада берди. Парктын сунушталган жайгашкан жери көрсөтүлгөн эмес.

Кененирээк

Өзгөн районунунда өткөн аламан улакта 27 жаштагы эркек киши каза тапты

Алдын ала маалыматтарга караганда, улак тартышка катышкан жаран аты менен кошо сууга кулап, чөгүп кеткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты…

Кененирээк

Азия чемпионатында Нурсултан Кеңешбеков күмүш медаль утту

Кыргызстандык жеңил атлетчи Кытайда өтүп жаткан жабык имараттагы Азия чемпионатында ийгиликтүү оюн көрсөттү. 3000 метр аралыкка чуркоонун финалында Нурсултан 7 мүнөт 55,06 секунд мыкты жыйынтыгы менен марага экинчи болуп келди. Курч күрөштө биздин спортчу күчтүү атаандаштарын артта калтырып, улуттук курама команданын куржунуна татыктуу күмүш медалды алып келди. Бул сыйлык Кеңешбековдун кышкы Азия чемпионаттарындагы карьерасындагы үчүнчү…

Кененирээк

2025-жылы «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 369 миң 880 туристти кабыл алды

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде музейдин атайын эсебине 21 млн 566 миң 520 сом каражат түшкөн. Ошондой эле музей кызматкерлери: Мындан тышкары, «Сулайман-Тоо» комплексинде экспонаттар санариптештирилип, материалдык-техникалык база чыңдалып, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кененирээк

Комик Нурлан Сабуровго Россияга кирүүгө элүү жылга тыюу салынды

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, стендап-комик жана «Что было дальше?» шоусунун алып баруучусу Нурлан Сабуровго РФ аймагына 50 жылдык мөөнөткө, 2076-жылга чейин кирүүгө тыюу салынды. Алдын ала маалымат боюнча, ал бул тууралуу Дубайдан учуп келип, Москванын Внуково аэропортунда паспорттук көзөмөлдөн өткөндөн кийин билген. Материалдарда комиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу каржылык жагдайлар жана Россиядагы 60 млн рублдан ашкан мүлкү…

Кененирээк

Кыргызстандын Улуттук банкы жаңы «Асман Банк» ЖАКка лицензия берди

КР Улуттук банкы «Асман Банк» ЖАКка улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берди. Чечим 2026-жылдын 4-февралында кабыл алынып, банк чет өлкөлүк катышуусу бар уюм катары катталганы айтылды. Уюштуруучу катары Михаил Кузовлев (ВЭБ.РФ) көрсөтүлдү, жетекчи болуп Эркеайым Биялиева дайындалды — ал буга чейин «Керемет Банкта» башкармалыктын төрагасынын орун басары болгон. Маалыматка караганда,…

Кененирээк

Кыргызстанда 2025-жылы Салык жыйымдары 80 миллиард сомго өстү

6-февралда КР Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылдагы жыйынтыктар айтылып, жыйынга Адылбек Касымалиев жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов катышты. Маалыматка ылайык, салыктар жана төлөмдөр боюнча 308,4 млрд сом чогултулуп, план 40,1 млрд сомго ашык аткарылган, 2024-жылга салыштырмалуу таза өсүш 80,2 млрд сом болду. Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү кошо эсептегенде жалпы жыйым 391,8 млрд сомду түзүп, такталган…

Кененирээк