2026-жылы айлык акылар этап-этабы менен жогорулайт

2026-жылы Кыргызстанда айлык маяналар эки этап менен көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагынын жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгы кеминде 50 %га көтөрүлөт. Бул өзгөртүү 2026-жылдын башынан тарта ишке ашат. Экинчи этап 1-сентябрдан баштап жүргүзүлүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайызга…

Кененирээк

Журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сот отуруму өттү

Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өттү.Отурумда активист Атай Бейшенбек суракка алынды. Ал Мамыркулова репост кылган пост аныкы экенин ырастады. Аталган пост Мамыркулованын соттук-лингвистикалык экспертизасында колдонулуп «этникалык кастыкты козутуу» элементтерин камтыган деп эсептелген. Атай Бейшенбек ошондой эле бул анын 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жалгыз посту эмес экенин белгиледи. Кийинки соттук…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Японияга иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-декабрда, Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду.Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн. Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана…

Кененирээк

Ошто “Тазалык” жана «Жашылчарба» ишканаларынын кызматкерлери үчүн ипотекалык батирлер курулууда

5 кабаттуу турак жай Кең-Сай конушунда салынып жатканын муниципалитеттен билдиришти. Батирлер төмөн пайыз менен узак мөөнөткө берилет. Аталган аймакта МИК тарабынан дагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганы белгиленди.

Кененирээк

Депутат Сурабалдиева менен төрага кайым айтышты

Бүгүн, Жогорку Кеңеш комитет төрагаларынын орун басарларын шайлашты. Добуш берүү учурунда Элвира Сурабалдиева менен төрага Нурланбек Тургунбек уулунун ортосунда талаш-тартыш орун алды. Сурабалдиева депутаттардын арасында талаш-тартыштар жаралып жаткандыктан, комитеттердин төрагаларынын орун басарларын альтернативасыз шайлоону суранды. Ал тургай, парламент мүчөлөрү түндүк менен түштүккө бөлүнгөн учурга чейин жеткенин белгиледи. Анын кечээ төрага эч кандай альтернативасыз шайланганын эске…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү депутаттар комитеттердин төрагалары болуп шайланды: — Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы; — Элдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети; — Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо; —…

Кененирээк

Ашкана-кафелер жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар күтүүсүз текшерилиши мүмкүн

Ашкана-кафелерди жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканалар үч жыл бою текшерилбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан улам туристтик сезондо коомдук тамактануу жайлары көзөмөлсүз калып, уулануу жана жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдигин күчөтөрүн белгиледи. Ушуга байланыштуу эл тамактанган, медициналык кызмат көрсөткөн жерлерди текшерүүгө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Санкцияга кабылган банкка криптовалюталар менен иштөөгө уруксат берүү каралууда

Экономика министрлиги президенттин жарлыгынын долбоорун даярдаган. Анда айрым банктардын эл аралык деңгээлдеги төлөмдөрү кыйындап, экспорт-импорт операцияларына терс таасирин тийгизип жатканы айтылган. Мындан улам убактылуу, өзгөчө тартип киргизүү мерчемделүүдө. Тагыраагы, аталган банк чет өлкөлүктөр менен виртуалдык активдер аркылуу эсептеше алат. Ошол эле учурда ал Кыргызстандын жарандары менен виртуалдык активдер аркылуу операция жүргүзбөйт. Бул ички рынокто криптовалютанын…

Кененирээк

Бакен Кыдыкеева атындагы театр 36 жылдан кийин жаңыланды

Бакен Кыдыкеева атындагы «Жаш көрүүчүлөр» театры 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы имарат толугу менен театрдын карамагына өткөрүлүп, 2024-2025-жылдары Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу креслолор менен толук жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр…

Кененирээк

Венесуэланын президенти АКШ анын өлкөсүн колонияга айлантууну көздөп жатканын билдирди

Трамп буга чейин Венесуэланын бийлигин “активдерди уурдаган, террорчулук, баңгизат аткезчилиги жана адам сатуу” менен алектенген террордук уюм деп атаган. Ал уурдалды деген мунайды, жерлерди жана каражаттарды кайтарууну талап кылган. Венесуэланын БУУдагы туруктуу өкүлү АКШнын Латын Америкасындагы бул өлкөнүн мунайына жана активдерине болгон дооматтарын “акылдан адашуу” деп айткан. Ал кырдаалды “эгемендүү мамлекетке каршы ири опузалоо кадамы»…

Кененирээк