Кыргызстан менен Ооганстан 157 млн долларга 11 келишим түздү

Кабулда өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгында Кыргызстан менен Ооганстан жалпы суммасы 157 млн АКШ долларын түзгөн ниеттер жөнүндө 11 келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чараны «Кыргыз Экспорт» борбору жана Ооганстандын Соода-инвестициялык палатасы уюштурду. Форумга эки өлкөнүн бизнеси жана мамлекеттик түзүмдөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышып, Бишкектен барган делегацияны экономика жана коммерция министри…

Кененирээк

Эртең мененки коюу туманга байланыштуу “Манас” аэропорту 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы алардын ичинен 7 рейс Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандарын Алматыга жөнөткөнүн билдиришти. “Саат 8:30дан тарта абал турукташып, “Манас” аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер Бишкекке кайтууда”, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул 24-декабрда башталат

Келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта бардык 1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул башталат. Бул туралуу агартуу министрлиги маалымдады. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, алты жаштагы балдардын окуудан эс алуусу 24-декабрдан 18-январга чейин пландалган. Калган окуучулар каникулдун жалпы графиги боюнча — 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат. Сабактар 12-январда кайра башталат.

Кененирээк

Кыргызстандык каратэчилер эл аралык мелдеште үч медаль тагынды

Кыргызстандык каратэчилер Turkish Open Karate мелдешинде үч коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеште 35 мамлекеттен келген 1 миң 700гө жакын спортсмен күч сынашты. Ага Кыргызстандын атынан 11 каратэчи катышты. Алар: Мелдеш 12-14-декабрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

Кененирээк

Бүгүн өлкө боюнча жаан-чачын жана кар жаайт

Бүгүн, 18-декабрда, өлкө боюнча жаан-чачын жана кар жаашы күтүлөт. Ашуулардагы жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет. Абанын температурасы (түн/күн): 🔸 Чүй: -2…3°C / -1…4°C 🔸 Талас: -2…-4°C / 2…4°C 🔸 Ош: 1…3°C / 4…6°C 🔸 Жалал-Абад: 2…4°C / 5…7°C 🔸 Баткен: 0…2°C / 2…4°C 🔸 Ысык-Көл: -4…1°C / 2…5°C 🔸 Нарын: -6…-8°C /…

Кененирээк

Садыр Жапаров Алай-Куудан келген баланы кабыл алды

Садыр Жапаров 17-декабрда Ош облусунан келген 4-класстын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Карды жиреп мектепке бара жаткан видеосу президенттин көңүлүн буруп, ал баланын билимге болгон умтулуусун жогору баалады. Жапаров Нурзаманды президенттик балатыга чакырып, белектерди жана өзүнүн уюлдук телефонун тапшырды. Ал бул окуя өзүнүн бала чагын эске салганын айтып, окуучуга ийгиликтерди каалады.

Кененирээк

Жогорку Кеңештин депутаттары үч вице-спикерди жана төраганы шайлашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынында депутаттар үч вице-спикерди шайлашты.Ага ылайык, эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев төраганын биринчи орун басары болуп шайланды. Ошондой эле Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза вице-спикерлик кызматтарга бекитилди. Чыңгыз Ажибаевди төраганын биринчи орун басары кылып шайлоону 82 депутат колдоп, 5 депутат каршы добуш берди Жылдыз Таалайбек кызын вице-спикерликке шайлоого 85…

Кененирээк

Садыр Жапаров: Кыргызстан тышкы карызын бир күндө төлөп коё алат, бирок бул пайдасыз.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында зарыл болсо, Кыргызстан тышкы карызын толугу менен бир күндүн ичинде төлөп коюуга күчү жетерин билдирди. Анын айтымында, карыз жүгү азайып жатат: учурда тышкы карыз ИДПнын болжол менен 25%ын түзөт, ал эми 2020-жылы 54%га жеткен. Бирок карызды дароо жабуу «пайдасыз», анткени пайыздар жогорулап, айып пулдар каралган. Президент 2035-жылга чейин мурда…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттары ишин баштады

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы ишин баштады. Алгачкы отурумду жаңы депутаттардын эн улуусу Гүлай Машрапова ачты.Ант берүү салтанатына өлкө президенти Садыр Жапаров катышууда. Жалпысынан 87 депутат ишке киришип жатат. №13 округдагы шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам дагы үчөө кийинчерээк шайланат. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышында беш депутаттык топ болорун жергиликтүү басылмалар парламенттеги маалымат булактарына таянып кабарлады….

Кененирээк

Айбийке Уланбек кызы парадзюдо боюнча алтын утту

Айбийке Уланбек кызы эл аралык турнирде алтын багындырды Кыргызстандык Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн эл аралык парадзюдо боюнча турнирде алтын медаль утту. Спортчу 52 кг салмак категориясында күч сынаган. Ал Тайвань, Мексика жана Швейцариядан келген атаандаштарын жеңди.

Кененирээк