Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт

Шаардын борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралар саат 11:00дө башталат. Салт боюнча сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү өтөт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик күндүз жана кечинде эстрада жылдыздары катышкан концерттерди өткөрүүнү пландап жатат. Мындан тышкары спорттук мелдештер да болот. Шаардын башкы аянтына боз үйлөр тигилип, «Нарында жасалган» бренди менен чыгарылган продукциялардын жарманкеси уюштурулат.

Кененирээк

Салык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскертти

Салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салык квартал сайын тең үлүштөр менен төлөнөрүн эскертти. Төлөө мөөнөттөрү 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейин белгиленген. Эсептелген суммалар тууралуу маалыматты сайтындагы жеке кабинеттен көрүүгө болот. Мындан тышкары, эсептөөлөр туура болушу үчүн мүлк документтерин «Кадастр» мекемесиндеги маалыматтар менен салыштырып чыгуу сунушталат.

Кененирээк

Пакистан Кабулга ракеталык сокку урду

Забиулла Моджахеддин айтымында, сокку борбор калаадагы баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоо борборуна тийген. Алдын ала маалымат боюнча 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашуун адам жаракат алды. Афган бийлиги бул окуя жоопсуз калбай турганын билдирди. Ал эми Пакистан бийлиги жарандык объектке сокку урганын четке кагып, операциялар аскердик буталарга гана багытталганын айтты. Эске салсак, эки өлкөнүн…

Кененирээк

Июлдан тарта Бишкектен Бээжинге дагы бир аба каттам ачылат

Кытайлык Air China авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу аткарып турат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдирди. Жаңы маршрут эки өлкө ортосунда саякаттоо, бизнес жүргүзүү жана маданият алмашуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ача турганы кабарланды. Алгач ирет Бээжин-Бишкек-Бээжин аба каттамы 2024-жылы ачылган. Учурда бул каттам аркылуу China Southern авиакомпаниясы жумасына алты күн каттамдарды аткарып…

Кененирээк

Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай Жана Чоң-Алай райондоруна каттагандар үчүн жаңы бекет ишке кирет

Шаар башчысы жол кыймылын тартипке келтирүү жана аймактар аралык каттамдагы такси кызматын аркалагандардын ишин жөнгө салуу максатында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жанында жаңыдан уюштурулган унаа токтоочу жайды Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттагандар үчүн пайдаланууга берүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле мэр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы унаа токтоочу жайга…

Кененирээк

Садыр Жапаров Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тараптардын аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Садыр Жапаров Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу, өткөн жылы Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги ачылганын, жакынкы аралыкта Египетте да элчилик ачуу пландаштырылып жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын…

Кененирээк

ЖК комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандыктардын кредиттик тарыхын сактоо мөөнөтү кыскартылат:▪️ терс кредиттик маалымат — 5 жылдан 2 жылга чейин▪️ оң кредиттик маалымат — 7 жылдан 5 жылга чейин Демилгечилердин айтымында, бул өзгөртүүлөр жарандардын насыя алуусун жеңилдетүүгө,…

Кененирээк

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Шаарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү максатында келечекте шаардын четки аймактарына өндүрүш түрлөрүнө жараша атайын аймактарды ачуу пландалууда. Озгур айылына агрардык өндүрүш, Жапалакка тамак-аш өңдүрүшү, Алымбек-Датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы жана Жибек-Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасын түзүү каралууда. Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу…

Кененирээк

ЦУМдун жанында курула турган фонтандын эскизи көрсөтүлдү

16-мартта Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. «Айчүрөк» ЦУМдун жанындагы тилкеде конструкцияларды бузуу иштери башталып, анын ордуна фонтан комплексин калыбына келтирүү жана жашыл зона түзүү пландалууда. Мэр ошондой эле Old Bishkek долбоору ишке ашырылып жаткан тилкеге барып, ал жерде курулуп жаткан үч кабаттуу объектти бузуу чечими кабыл алынганын…

Кененирээк

Бүгүн Кадыр түн — Ыйык түндү кантип өткөрүү керек

Быйыл Кадыр түн 16‑марттан 17‑мартка караган түнү белгиленет. Эреже боюнча ал Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип, мусулмандар үчүн эң ыйык деп эсептелет. Бул түндү тосууда адатта көп намаз окуп, Куран окуп, дуба кылуу жана кечирим сурап тиленүү сунушталат. Мечитте же үйдө ибадат кылуу керек, бош сөздөн жана көңүл ачуучу нерселерден алыс болуу зарыл.

Кененирээк