Лебединовка–ГЭС-5 унаа жолу ачылды

Реконструкциядан кийин жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкеге кеңейтилди. Ошондой эле 36,6 метрлик көпүрө 5,5 метрге жетти. Жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө, жолдун эки тарабына тротуарлар да курулган.

Кененирээк

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

Бүгүн, 16-апрелде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Ысык-Көл менен Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу жолдордо тайгак болуп, айдоочуларга этият болуу сунушталат. 🔶 Чүй облусу: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 13…18°C🔶 Талас облусу: түнкүсүн…

Кененирээк

Кыргызстандык 20 медик трансплантология боюнча Россияда стажировкадан өттү

Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россиянын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готьенин жолугушуусунда айтылды. Тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүүнү талкуулашты. Кызматташтык Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук медициналык борборунун ортосунда натыйжалуу уланып жатканы айтылды. Органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири…

Кененирээк

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

2026-жылдын 14-апрелинде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ишкананын директору болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалды. Бул дайындоо ишкананын башкаруу потенциалын күчөтүүгө жана анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууларды жакшыртууга багытталган.

Кененирээк

Чыңгыз Айдарбековго кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбын угузду. ИИМ Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганын билдирди. Айдарбеков министр болуп турганда айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Акча…

Кененирээк

Министрлер кабинети «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынкы жөлөкпулун дайындоо тартибин өзгөрттү

« Негизги өзгөрүү — муктаждыкты аныктоодо колдонулган кепилденген минималдык киреше 1000 сомдон 500 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул көрсөткүч үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу бар же жок экенин аныктоодо негизги роль ойнойт», — деп жазат Economist.kg сайты. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 29-июнундагы №307 токтомуна киргизилди. Жаңы нормалар жөлөкпул берүү тартибин жана муктаждык критерийлерин тактайт. Эми жөлөкпул үй-бүлөнүн жашоо шартын…

Кененирээк

Кытайда BYD электромобилдерин чыгаруучу заводдо өрт чыкты

Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы BYD электромобилдерин чыгаруучу заводдо өрт чыкты. Өрт тез жайылып, окуя болгон жерге бир нече өрт өчүрүүчү бригадалар жөнөтүлгөнү кабарланууда.Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Кененирээк

16 жашка чейинки балдарга паспортту экинчи ата-эненин макулдугусуз алууга уруксат берилиши мүмкүн

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдар үчүн чет өлкөлүк паспорт алууну жөнөкөйлөтүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин профильдүү комитети үчүнчү окууда жактырган мыйзам долбоору боюнча документти экинчи ата-эненин милдеттүү макулдугусуз эле алуу мүмкүн болушу мүмкүн. Демилгенин авторлору белгилегендей, дал ушул талап көп үй-бүлө үчүн негизги тоскоолдук болуп жатат. Себеби ата-эненин бири чет өлкөдө болушу, байланышка чыкпашы же баланын…

Кененирээк

Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоордук макулдашууга кол коюлду

Вашингтондо Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда REMIT долбоордук макулдашуусуна кол коюлду. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, документ өлкөнүн энергетика тармагын модернизациялоого жана Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык рыногуна интеграциялоого багытталган. Биринчи этапта Кыргызстанга 40 млн доллар бөлүнөт. Бул каражат Жалал-Абад облусундагы 220 кВ «Торобаев» жана «Кристалл» подстанцияларын жаңылоого, ошондой эле 220 кВ «Кристалл — Юлдуз»…

Кененирээк

Иран Перс булуңундагы мамлекеттерден келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылды

Тегеран АКШ менен Израилдин ортосундагы операция учурунда келтирилген зыяндын ордун толтурууну Бахрейн, Сауд Арабиясы, Катар, БАЭ жана Иорданиядан расмий түрдө талап кылды. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин катында бул өлкөлөр өз аймактарын камсыз кылып, айрым учурларда жарандык объектилерге кол салууларга катышканы айтылат. Ошол эле учурда Перс булуңундагы мамлекеттер жана Иордания операцияга катышканын четке…

Кененирээк