Алманбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгарылды

Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, ага ылайык Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичке «Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси » жогорку атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

Жаңы шайланган депутаттар 17-декабрда ант берип, ишке киришет

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомду кабыл алып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттады. 12-декабрда Боршайкомдун отурумунда БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшыруу боюнча расмий иш-чара 17-декабрда өтөрүн айтты. Бул күнү Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны болот.Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант…

Кененирээк

Кыргызстан 2026-жылы 15 миң электромобилди бажы төлөмдөрүнөн бошотуу укугун алды

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Кыргызстанга 2026-жылы электромобилдерди импорттоодо бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу льготасын берүүнү колдоду. Тийиштүү чечим Москвадагы жыйында кабыл алынганын КабМин билдирди. Кыргызстан мурдагы квотаны толук колдонуп, электр кыймылдаткычы бар автоунааларга (гибрид жана электромобилдер) болгон жеңилдиктерди кеңейтүүнү сунуштаган. ЕАЭБ сунушту колдоп, льготанын көлөмүн 15 миң унаага чейин көбөйттү. Буга чейин Кыргызстан 2026-жылы электромобилдерди бажы…

Кененирээк

Зеленский Донбасс боюнча референдум өткөрүүгө даяр экенин билдирди

Украина президенти Владимир Зеленский Донбастын келечеги боюнча чечимди эл кабыл алышы керектигин айтты. Анын айтуусунда, бул маселе шайлоо же референдум форматында добуш берүүгө чыгарылат.  Кремль, АКШнын кысымы менен, Донбассты Россияга өткөрүү шартын коюп жатканын Зеленский белгиледи. Бирок Киев мындай чечимди коомдун эркинен башка кабыл албайт.  Зеленскийдин айтымында, АКШ Донбасста орус аскерлерсиз «өзгөчө экономикалык аймак» түзүүнү…

Кененирээк

Ыктыяр Нышанов бокс боюнча Дүйнө биринчилигинен коло медаль жеңди

Ыктыяр Нышанов БАЭде өтүп жаткан мелдеште 71 кг салмакта күч сынашты. Турнирди 1/16 финалдан баштап, алгач австралиялык, андан кийин таиланддык боксчуларды нокаутка түшүргөн. Чейрек финалда молдовалык спортчуну жеңди. Жарым финалда гана калыстар жеңишти казак боксчусуна ыйгарып, Нышанов коло медалдын жана 75 миң доллар сертификаттын ээси болду. Ал эми дагы бир мекендешибиз Омар Ливаза мелдештин финалына…

Кененирээк

Экология министрлиги жаңы жылда салюттардан баш тартууга чакырды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат.Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасирине байланыштуу. Анткени, кыш мезгилинде абаны булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын чыгарат жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатат. Министрлик салюттардын ордуна заманбап экологиялык таза альтернативалар —…

Кененирээк

2026-жылдагы эс алуу күндөрү белгилүү болду

Эмгек министрлиги 2026-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти. Ага ылайык, Кыргызстанда 1-7-январда жана 1-10-майда узак эс алуу болот. Андан тышкары, 8-март аялдардын эл аралык күнү, 21-март Нооруз жана 31-август Эгемендүүлүк майрамы да иш күндөрү эмес. Буларга Орозо жана Курман айт кошулат. Ал эми 20-март, 30-апрель жана 31-декабрь кыскартылган иш күн болот.

Кененирээк

Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барды

Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуусу өттү. Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды. Өз ара кызматташуунун динамикалуу өнүгүшү жана эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли белгиленди. Президент Сердар Бердымухамедов Ашхабадда Президент Садыр Жапаровду тосуп алып, Кыргыз Республикасынын Президентине форумга катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн…

Кененирээк

6000ден ашык оорулуу баланы сактап калган. Мэри Тереза (Мать Тереза) тууралуу кызыктуу фактылар

1. Анын чыныгы аты — Агнес Гонжа Бояджиу. Ал 1910-жылы Скопьеде албан үй-бүлөдө төрөлгөн. «Гонжа» сөзү «баштап келе жаткан гүл» дегенди билдирет. 2. 18 жашында үй-бүлөсүнөн түбөлүккө кетип, диний жашоону тандаган. Ал ата-энесине: «Мен дүйнөгө кызмат кылам» деп коштошуп, кайра артка кайрылган эмес. 3. Индияга жөнөп кетүүсү — анын жашоосунун бурулуш учуру. Алгач мектепте мугалим…

Кененирээк

КР Финансы министрлиги Германияга каржылык кызматташтык программасын жандандырууну сунуштады

Кыргызстан экономиканын негизги тармактарына немис инвестицияларын жана технологияларын тартууну күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 2025-жылдын 9-декабрында Германияда КР финансы министри Алмаз Бакетаевдин Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) Аткаруу кеңешинин мүчөсү Кристиана Лайбах менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Финансы министрлигинин башчысы эки өлкө ортосундагы каржылык кызматташтык программасын кайра жандандыруу демилгесин көтөрдү. Ошол эле учурда Бакетаев…

Кененирээк