Аксылык ветеринарлар жасалма уруктандыруу боюнча окутулду

2026-жылдын 28–30-январь күндөрү Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келген ветеринардык дарыгерлер үчүн «Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу» темасында окуу-тренинг өткөрүлдү. Окуу программасы 3 күнгө созулуп, теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Катышуучулар ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруунун заманбап ыкмалары, санитардык талаптар жана практикалык көндүмдөр боюнча билим алышты. Бул окуу мал…

Кененирээк

Таласта 31-августка чейин робот-гиддери бар «Баластан» көңүл ачуу борбору курулат

Таласта «Баластан» аттуу заманбап балдар көңүл ачуу комплексинин курулушу текшерилди. 17 миң чарчы метрлик объект Шамбетова көчөсүндө салынып жатат, курулушту 2026-жылдын 31-августуна чейин — Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү пландалууда. Борбордо музейлер, лабиринттер, кинотеатрлар, боулинг жана балдардын интеллектуалдык өнүгүүсү үчүн атайын аянтчалар болот. Долбоордун өзгөчөлүгү — жасалма интеллект: 5–6 роботту алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, алар…

Кененирээк

Бажы кызматы өткөн жылы 157 млрд сомдон ашык киреше тапты

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы 157,4 млрд сом киреше тапты. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп: ал жылы кызмат 28 млрд сом чогулткан. Бул маалыматтар Бажы кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өсүштү «Смарт бажы» санариптик платформасынын ишке кириши менен байланыштырды. Анын айтымында, бул система ажырымдарды кыскартып, көмүскө ишмердүүлүктү азайтууга шарт…

Кененирээк

Бишкекте күч органдары үчүн 14 кабаттуу бейтапкана курулду

УКМКнын алдындагы аскердик-медициналык мекеменин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Жаңы бейтапкана коопсуздук комитетиндегилерди, чек арачыларды, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлейт. Медициналык комплекс заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалды.

Кененирээк

Социалдык турак жай программасы иштелип чыгууда

Президенттин тапшырмасына ылайык, Министрлер кабинети социалдык турак жай программасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билдирди. Ал маалыматты депутаттардын «Элдик» жана «Ала-Тоо» топторунун биргелешкен жыйынында айтты. Анын айтымында: Программа жетимдерге жана муктаж жарандарга багытталат. Учурда тиешелүү программа иштелип чыгууда.

Кененирээк

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо улантылууда

Ош шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди. Мэриянын маалыматына ылайык,…

Кененирээк

Депутат: “Алты миң менен кантип бир ай жашайт?”

Экономика өсүп келе жатат, бирок жөлөк пул беш жыл мурдагы жобо менен аз көлөмдө берилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жыйында айтты. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурууну өтүндү. Парламенттеги «Элдик» жана «Адилет» депутаттык топтору 30-январдагы жыйынында социалдык тармактагы маселелерди карап жатат.

Кененирээк

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 31 талапкер катталды

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу БШК билдирди. Шайлоо күнү — 1-мартка белгиленди. Бардыгы болуп 31 талапкер көрсөтүлгөн. Эркектер — 21,аялдар — 10. Азырынча 11 талапкер катталды. 4 талапкер шайлоодон баш тартты. 1 талапкерге каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынды Эске салсак, Жогорку Кеңешке…

Кененирээк

Нарында 4 баллдык жер титирөө болду

Бүгүн, 30-январда, саат 8:54төр чамасында Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 24 км аралыкта жайгашкан. Силкинүү төмөнкү аймактарда сезилди: Жан-Булак жана Достук айылдарында — болжол менен 3,5 балл Таш-Булак, Куланак, Миң-Булак айылдарында — 3 балл Нарын шаарында —…

Кененирээк

Экономист АКШ долларын оор кризис күтүп турганын билдирди

Белгилүү экономист Питер Шифф АКШ долларын 2008-жылдагы кризистен да оор сыноо күтүп турганын айтты. Анын айтымында, буга алтын менен күмүштүн баасынын кескин өсүшү далил болууда. Алтын $5 180 деңгээлине чыгып, бир күндө +$170 өстү — бул тарыхый рекорд.Шифф муну доллар жана мамлекеттик карыз кризисинин жакындап калган белгиси деп эсептейт. Негизги себептер Экономисттин пикиринде, алтын —…

Кененирээк