Чоң-Алайда «АгроЗооВет–2026» окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү
2026-жылдын 19-январында Чоң-Алай районунун Дароот Коргон айылында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — дыйкан-фермерлердин жана айыл чарба адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана тармактагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берүү. Семинарга райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, министрликтин…

