Кыргызстанга 9 айда чет элден 654 млн 621,9 миң доллар инвестиция тартылды

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга келип түшкөн тикелей чет элдик инвестициянын агымынын лидери Түркия болсо — 341,6 млн доллар, экинчи орунда…

Кененирээк

Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады

Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Сай-Бою көчөсүндө салынып жаткан мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган. Муниципалдык күрөш залынын курулуш иштеринен калаа башчысы Бакытбек Жетигенов таанышты.Шаар…

Кененирээк

200 баланын “атасы” көз жумду

Сүрөт: Sputnik Кароосуз калган 200 баланы асырап алган Иса Өмүракунов каза болду. Бул тууралуу Нуриля Чолпонбаева аттуу фейзбук колдонуучусу жазып чыкты. Нуриля Чолпонбаеванын айтымында 200дөн ашуун бала атасыз калды. Жубайы экөө өлкө боюнча 200 же андан көп балдарды тарбиялап, жылуу мамиледе болушкандыгын, алар ар кайсы улуттагы, ар кандай курактагы балдар болушкан. Ошондой эле баары аны…

Кененирээк

Бишкектин балатысы КМШдагы эң бийик балатылардын катарына кирди

Борбор калаанын жаңы жылдык балатысы КМШдагы эң бийик 10 балатынын катарына кирди. Бул тууралуу маалымат “ТурСтат” сайтына  жарыяланды. Анда КМШ өлкөлөрүнүн 2023-2024-жылдарга жаңы жылдык балатыларынын рейтинги чыгарылган. Биринчи орунда 44 метр бийиктиктеги балаты менен Ашхабад турат, Бишкек 32 метр менен бешинчи орунда. Ал эми КМШдагы эң жапыз балаты Алматыда орнотулган. Анын узундугу 20 метрди түзөт.

Кененирээк

Мамлекет дыйкандардан 30 миң 380 тонна аштык буудай сатып алды

27-декабрга карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан өткөн жылга салыштырымалуу 7 880 тоннага көп аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, сатылып алынган 30 миң 380 тонна буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес. Белгиленгендей, ушуну менен быйылкы жылга сатып алуу…

Кененирээк

Дохада 2024-жылы Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн роуд-шоу өткөрөт

Катардын борбору Доха шаарында 2024-жылы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев менен Катардын элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марринин жолугушуусунда айтылды. Анда туризм тармагындагы ар тараптуу байланыштарды түзүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт. Туризм департаментинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу күн мурун Бишкекте өткөн. Анын жүрүшүндө бир…

Кененирээк

Коомдук транспортто жол акысы көтөрүлөт

Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралып, колдоо тапты.Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.Жаңы тарифтер…

Кененирээк

Бишкекте 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт

Борбор калаада бүгүндөн баштап 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди. 31-декабрга чейин күнүгө саат 10:00дөн 17:00гө чейин болот. Ал «Ала-Тоо» аянтынын жака-белиндеги Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулган.Иш-чараны уюштуруунун максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агро-өнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада…

Кененирээк

ОшМУнун студенттери эл аралык олимпиадада 2-орунду ээледи

Орусиянын Новосибирск шаарынды өткөн «Морфология жана хирургия” II эл аралык форумунун олимпиадасында Ош мамлекеттик университетинин студенттери 2-орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. ОшМУнун Vit’oss студенттер командасы олимпиаданын жүрүшүндө жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынына, жыныстык органдарына заманбап ыкмалар менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасашкан. Аны менен катар жарааттарды жабуунун бир…

Кененирээк

Жаңы- жылда 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жаңы-жыл майрамына карата 10 миңден ашык милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.Милиция кызматкерлери 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бүгүн Бишкекте аларга саптык көзөмөлдөр жүргүзүлүп, ошону менен катар милициялардын майрам күндөрүнө болгон даярдыгы текшерилди.

Кененирээк