Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Килиманджаро чокусуна 10-январда саат 5:42де Эдуард Кубатов 16 адамдан турган өз тобу менен бийиктикти ийгиликтүү багындырышкан. Кубатов аба-ырайы өтө татаал болгондугун айтып жана өз командасы менен сыймыктанаарын кошумчалады. Долбоор өлкөбүздү таанытууга жана альпинизмди жайылтууга багытталган….

Кененирээк

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агро-өнөржай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада…

Кененирээк

Сулайман-Тоого желим баштык алып чыгууга тыюу салынды

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Бул чечим “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен,…

Кененирээк

“Бүгүн 83 жашка чыкмак”. Р.Абдыкадыров тууралуу фактылар

Кыргыз музыка дүйнөсүнө обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров бүгүн көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Абдыкадыровдун бейнеси, чыгармалары тууралуу “Ош Пирим” сайты бир топ фактыларга токтолот. • Р. Абдыкадыровдун көзү өткөндөн 8 күндөн кийин 1994-жылы 20-сентябрында “Эл агартуунун отличниги”…

Кененирээк

Мыйзамсыз курулган ири коммерциялык объекттер бузулат

Кыргызстанда январь айынын башынан тарта мыйзам бузуу менен курулган коммерциялык объекттерди аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинини директору Нурдан Орунтаев билдиргендигин “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазып чыкты. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия бузула турган объекттердин, анын ичинде ири объекттердин тизмесин сунуштайт. “Белгилүү талаптар…

Кененирээк

Таттуудан баш тартпагандарга зыянсыз азыктар аталды

Таттууларга ашыкча берилүү организмге зыян келтирет. Бул көптөгөн изилдөөлөр менен тастыкталган. Бирок, таттуулардан таптакыр баш тартууга болбойт, жөн гана зыяны азыраагын тандоо талапка ылайык. Шириндиктин курамы канчалык татаал болсо, ошончолук зыяндуу. Көптөгөн ингредиенттерден турган татаал десертке караганда таттуу тамак, бал жакшыраак. Эксперттер «зыяндуулугу» боюнча биринчи орунга куурулган тамактарды, мисалы:пончик, чак-чакты атады. Бул кулинардык азыктар транс…

Кененирээк

Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерди УКМКга кайрылууга чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыз-келиндерди зордук-зомбулукка кабылса УКМКга кайрылууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейзбук баракчасында жазып чыкты. Ал кайрылууну Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу жасады. УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды.«Урматтуу кыз-келиндер!Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез…

Кененирээк

Айрым айыл аймактардын аты өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Ага ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр…

Кененирээк

Дыйкандар дизелдик отунду арзан баада алса болот

Жазгы талаа иштери үчүн дыйкандар дизелдик отунду материалдык резервдер фондунан 63 сом 50 тыйындан сатып алса болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда бүгүнкү күндө республикада солярканын орточо баасы литрине 71 сом 50 тыйындан болууда.Быйыл жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизелдик отун талап кылынат.

Кененирээк

Кытайлык компания Бишкекке ири завод курат

Кытайлык компания Бишкек шаарына ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Junxin компаниясынын башкы директору калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык…

Кененирээк