Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду

Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду. Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдады. Мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет. Бул жол кырсыктарынын алдын алууга…

Кененирээк

«Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектинин буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу боюнча жолгушуу өттү

2026-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Аскаралы Мадаминов ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектиси боюнча иш алып баруу үчүн Кыргыз Республикасына келген эл аралык эксперттер тобу менен жолугушту. Эл аралык эксперттердин визити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы №…

Кененирээк

Мамдума Орусияда миграциялык эрежелердин катаалдаштырылганын жарыялады

2026-жылдын 8-январында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин чет элдик жарандардын жана эмгек мигранттарынын өлкөдө болушун жөнгө салуучу эрежелерди катаалдаштыруучу мыйзам чыгаруу демилгелеринин пакетин жарыялады. Негизги өзгөртүү милдеттүү медициналык процедуралардын мөөнөтүн белгилөөгө байланыштуу. Орусиянын мыйзам чыгаруучулары медициналык кароодон өтүү үчүн талап кылынган убакытты азыркы 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну сунушташууда. Бул талап Россия Федерациясына…

Кененирээк

Курулуш министрлиги «Алтай» шаарчасынын курулушу тууралуу түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги Бишкектин жанында түшүп жаткан Алтай турак жай шаарчасынын курулушу туурасында маалымат таратты.Эске салсак, интернет айдыңына тараган видеодо жерпай үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов социалдык тармакка бул курулуш Илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылбагандыгын жазган. Буга жооп кылган министрлик аталган объект…

Кененирээк

Ошто жаңы күнөскананын курулуш иштери аяктоодо

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына караштуу жаңы күнөскананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде күнөскананын курулушуна керектелген материалдар Түштүк Кореядан алынып келинген. Жаңы күнөскана заман талабына ылайык акыркы технологиялар менен жабдылып, гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана…

Кененирээк

Мургабда жер титиреп, Кыргызстандын аймагында да сезилди

Билдирмелерге караганда, жер титирөө түнкү саат 3:14 чамаларында болгон. Очогу Мургабда жайгашып, магнитудасы 5,5ке жеткен. Кыргызстандын түштүгүндө ал 3 балл болуп сезилген.

Кененирээк

Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу станциялар курулууда

Станциялар былтыркы жылдын июль айында курула баштаган. Долбоорду жергиликтүү жана кытайлык компаниялар биргеликте ишке ашырууда. Системанын кубаттуулугу суткасына 14 миң кубометрден ашык агын сууну тазалоого жетет. Аны 2027-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган. Станциялар ишке берилгенден кийин Чолпон-Ата шаары, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдары борбордук канализацияга толук туташат. Учурда Чолпон-Атанын 30-40% гана канализация тутумуна кошулган.

Кененирээк

Кыргызстанда «Почта Банкын» түзүү пландалууда

Республиканын банк секторунда жаңы катышуучу — «Почта Банкы» пайда болушу күтүлүүдө. Улуттук банк коммерциялык мекемени каттоо боюнча документтерди кароого киришти. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү кардарларды тейлөө үчүн «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрүн агенттик тармак катары колдонуу болуп саналат. Бул өлкө боюнча банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Уюмдун иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жана Улуттук банктын катуу көзөмөлү…

Кененирээк

“Рэкетир» тасмасынын жылдызы, белгилүү казакстандык актёр Мурат Бисембин каза болду

Анын кызы актёрдун каза болгонун социалдык тармактарда жарыялады. Ага өткөн жылы уйку безинин рагы диагнозу коюлган жана акыркы бир нече айдан бери медициналык байкоодо болгон. Бисембин «Рэкетир» тасмасындагы ролу менен атактуулукка жеткен. Ал ошондой эле «Томирис» тарыхый эпосунда, «Бир тууган же нике» комедиялык дуологиясында, «13 клиникалык» телесериалында жана «Кызгылт коёндун жомогу» тасмасында роль жараткан.

Кененирээк

Ички иштер министрлиги жаңы жылдык эс алуу убагында батир уурулугунан сак болууга чакырат

Жаңы жылдык эс алуу мезгилинде көптөгөн жарандар шаардан же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, батир уурулук кылмыштарынын коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Кылмышкерлер көбүнчө турак жай ээлеринин узак убакытка жоктугунан пайдаланышат. Батир уурулугунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

Кененирээк