Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик аппараттын жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын шаарына жаңы адистештирилген техникалардын жана автобустардын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Адылбек Касымалиев муниципалдык жана шаардык кызматтар үчүн сатылып алынган атайын техникаларды, жаңы автобустарды көрүп чыкты. Нарын шаарына 34 даана атайын техника сатып алуу боюнча кол коюлган келишимге ылайык, 11 автобустун жана 10 даана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү атайын техниканын ачкычы тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарынын транспорттук жана курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стабилдештирүү фондунан Нарын шаардык мэриясына 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом бөлүнүп, анын 230 000 000 (эки жүз отуз миллион) сому атайын техникаларды алууга жумшалды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *