Кыргызстанда республикалык бюджеттин көлөмү 800 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, жыл башында бюджет 500 млрд сом болуп бекитилген, бирок кирешелердин көбөйүшү жана чыгашалардын оптималдаштырылышы менен көрсөткүч бир топ өстү.
Министр бюджеттин кеңейиши өлкөдөгү экономикалык өсүш менен финансылык туруктуулуктун белгиси экенин айтты. 3-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында бюджетке байланыштуу кошумча маселелер талкууланат.

