Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев №5220 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Ош облусундагы бардык шайлоо тилкелер саат 8:00дө ачылып, ишин баштады. Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев Кара-Суу районундагы №5220 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аралыктан добуш берди.
Ыйгарымдуу өкүл облус тургундарын шайлоо жараянына активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле бул жолу өлкөдө таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн бардык добуш берүү тилкелеринде талаптагыдай шарттарды камсыздаган. Ош облусунда жалпы 8 округ, 511 шайлоо тилкеси жана 811 миң 906 шайлоочу бар.

