Чет өлкөдө добуш бергендердин саны 620 кишиге жетти

Чет өлкөдө добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда түзүлгөн 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүүдө.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын добуш берген жарандарынын саны саат 9:00 га 620 адамды түздү. Добуш берүү процесси штаттык тартипте өтүп жатат.Жакынкы убакытта башка чет өлкөлөрдөгү калган шайлоо участокторунун ачылышы күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *