Курулуш министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде 1960-1970-жылдары курулган үйлөрдү жаңылоо зарыл экенин эске салды.Ал программанын башкы максаты жарандардын укуктарын коргоо экенин белгилеп, документте кожоюндарга кенемте төлөп берүү жана башка шарттар жазылганын кошумчалады.

Ал аталган үйлөр колоннасы жок салынганын айтып, анын ичинде “сталинка”, “хрущевка” деп аталган кыш менен курулган үйлөр да бар экенин кошумчалады. “Ошол себептен биз реновацияга барышыбыз керек. Эски үйлөрдүн ээлерине жаңысын беришибиз керек”, — деген аткаминер.

Ал маегинде 35 кабат имарат курууга уруксат бар экенин, жакын арада 40 кабатка уруксат берген корутунду чыгарын билдирди. Ал мындай бийик имараттар биздегидей эле сейсмикалык шарттагы башка өлкөлөрдө деле курулуп жатканын белгиледи. Мисал катары Ташкентте 55 кабат, Үрүмчүдө 80 кабат имарат салынганын кошумчалаган.

Орунтаев 300 метр болгон Бишкек ЖЭБинин мунарасы деле канча жылдан бери эч нерсе болбой турганын жүйө келтирди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *