Бүгүн, 10-декабрь күнү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Алай районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу эркин форматта өтүп, ага Алайдын ар кайсы айыл аймактардан келген 300дөн ашуун жарандар катышты. Район тургундары өздөрүнүн көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин билдирип, социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү.

Облус башчысы жарандардын суроолоруна түз жооп берип, маселелерди жеринен чечүүгө аракет кылды. Айрым көйгөйлөр боюнча мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү бийликке так тапшырмалар берилип, кээ бир суроолор ошол жерден чечилди.

Белгилей кетсек, облус жетекчисинин жер-жерлердеги эл менен жолугушуусу бардык райондордо өткөрүлүп жатат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *