Кыргызстан экономиканын негизги тармактарына немис инвестицияларын жана технологияларын тартууну күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 2025-жылдын 9-декабрында Германияда КР финансы министри Алмаз Бакетаевдин Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) Аткаруу кеңешинин мүчөсү Кристиана Лайбах менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Финансы министрлигинин башчысы эки өлкө ортосундагы каржылык кызматташтык программасын кайра жандандыруу демилгесин көтөрдү. Ошол эле учурда Бакетаев жаңы долбоорлор Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарына так жооп бериши керектигин баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана KfW менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайда алып келип, туруктуу экономикалык өсүш үчүн негиз түзөрүнө ишенебиз», — деп билдирди министр.

