Буга чейин соцтармактарга видеосу тараган Алайкуудагы калың карды жиреп мектепке бара жаткан окуучуну Садыр Жапаров Президенттик балатыга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Тасмадагы окуучу Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классында окуган Нурзаман Алмазбеков. Ал алты бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек.

“Президентибиз мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди. Мындан тышкары билимге умтулган окуучуга мамлекет башчысынын атынан белек даярдалууда”-деп билдирди Орунбеков.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *